Ош шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоо болот. Депутаттар партиялык тизме боюнча (54 мандат) жана бир мандаттуу округдардан (36 мандат) шайланат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы №7 Ош шайлоо округунан көрсөтүлгөн сегиз талапкердин тизмесин жарыялады.
Бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер чүчү кулак кармоо менен тандалган бюллетендеги номерине карап, ирети менен жазылды.