"Мекенчил Эл" партиясында кимдер бар. Кароолчудан тарбиячыга чейин

"Мекенчил Эл" партиясы менен 54 талапкер шайлоого аттанды. Учурда анын тизмесиндегилердин жарымынан көбү расмий эч жерде иштебейт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы шайлоого катыша турган партиялардын талапкерлеринин тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, "Мекенчил Эл" партиясынын курамында ар кыл кесипти аркалаган 54 талапкер көрсөтүлгөн. ЖКда депутат болгусу келгендердин катарында адвокат, инженер, кароолчу, тарбиячы, мугалим, стоматологдор бар.
Аталган партиядагылардын жарымынан көбү (29 адам) расмий ишсиз.
Алардын аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери БШКнын маалыматтарынын негизинде тизмектелди.