Мар Байжиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди

Мар Байжиев 29-октябрь күнү 86 жаш курагында көз жумган. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Опера жана балет театрында бийлик өкүлдөрү менен маданият ишмерлеринин катышуусунда өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Мар Байжиевдин элде калган нускасы. Ыйык сүйүүнү сактап калыш үчүн кайрат керек...
Мар Байжиев 29-октябрь күнү 86 жаш курагында көз жумган.
Жазуучу 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. Мар Байжиев драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру болгон. Кыргыз элинин бай маданиятын түрдүү жанрда, ракурста даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги үчүн III даражадагы Манас жана Данакер ордендери менен сыйланган.