Кыргызстандын армиясы дүйнөдө 93-орунда турат. Коңшу мамлекеттерчи?

Рейтингде жалпысынан 140 өлкө бар. Тизменин сап башына АКШ, Россия жана Кытай жайгашкан. Ал эми Борбор Азияда аскердик күчү боюнча Өзбекстан биринчиде турат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандын армиясы дүйнөдө 93-орунга чыкты. Бул тууралуу Global Firepower сайтынын жаңыртылган рейтингинде жазылган.
Анда Кыргызстандын рейтинги жогорулаган белги турат, бирок канчанчы орундан өйдө көтөрүлгөнү жазылган эмес.
Жалпысынан тизмеге 140 өлкө кирген. Рейтингдин көч башында АКШ, Россия жана Кытай турат. Андан кийин Индия менен Япония жайгашкан.
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен аскердик күчү боюнча Өзбекстан биринчиде турат. Ал эми жалпы тизме төмөнкүдөй:
Кыргызстанда Американын базасы жайгашабы? Жапаровдун жообу
Эске салсак, 3-сентябрда Россияда өткөн эл аралык "АрМИ-2021" танк биатлонунда кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундада жыйынтыктап чемпион аталган. Экинчи орунду Тажикстан (2:20:03), үчүнчүнү Мьянма (2:28:05), төртүнчүнү Түштүк Осетия (2:29:06) ээлеген.