Кыргызстандык кош бойлуу келин Москвада документсиз калдыбы? Элчиликтин жообу

Кыргызстандык аял жолдошу үйүнөн кууп чыкканын, мекенине кайтайын десе документин жоготуп алганын айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кош бойлуу кыргызстандык келин Москвада документсиз калганы боюнча тараган видеороликтеги маалыматты төгүндөдү.
Видео соцтармакка жайылган. Кадрдан ыктыярчынын үй-жайы жокторго ысык тамак таратып жатканын көрүүгө болот. Муктаж адамдардын ичинен кыргызстандык аял жолдошу үйүнөн кууп чыкканын, мекенине кайтайын десе документин жоготуп алганын айтып берген. Ал ошондой эле документтерин калыбына келтирейин десе элчилик 10 миң рубль талап кылганын белгилеген.
Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, элчиликтин консулу менен юристтери Ярославский вокзалына барып полиция жана Москванын соцкызматкерлери менен баарлашкан. Андан соң алар үй-жайы жоктор үчүн тамак-аш берилген жерге барышкан.
"Видеону тарткан "Люди" фондунун өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, түшүнбөстүк болуп кеткен. Аныгында кыргызстандык аялдын документи бар болуп чыккан жана анын буга чейин элчиликке кайрылбаганы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Элчиликтен билдиришкендей, кийинчерээк аялдын бир тууганы табылып, ал анын жүргөн жерин айтып берген. Ошондой эле аялдын документи бар экенин ырастаган.
Россияда мигранттар үчүн жаңы эреже киргизилди! ИИМдин эскертүүсү
"Видео соцтармакка тарап кеткенден кийин ал эжесин Ярославский вокзалынан алып кетип, Москванын Люблино районундагы батирге киргизген. Жакында Кыргызстанга жөнөтүүнү көздөп жатат. Кийинчерээк консул аял менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөндө ал буга чейин элчиликке кайрылбаганын билдирген. Учурда беш айлык боюнда бар", - дешти элчиликтен.
Күбөлөрдүн айтымында, 26 жаштагы аял "асоциалдык жашоо образын" карманат. Элчиликтин маалыматына караганда, буга чейин Москванын социалдык кызматынын кызмат көрсөтүүсүнөн баш тартып койгон.