Коронавирустан үч киши каза таап, 73 адам жуктурду. 31-октябрдагы маалымат

Көз жумган бейтаптардын вакцина албаганы айтылат. Учурда стационарларда 723, ал эми амбулатордук түрдө 696 адам дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 73 киши жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ооругандар:
Пандемиядан бери коронавирусту 181 259 адам жуктурду.
Бир сутка ичинде 78 бейтап сакайып, ооруну жеңгендер баш-аягы 175 646 болду.
Тилекке каршы, өткөн суткада үч киши көз жумган. Алардын вакцина алышпаганы айтылат. Жугуштуу дарт жалпы 2 671 адамдын өмүрүн алды.
Стационарда 723, ал эми амбулатордук түрдө 696 адам дарыланууда.