Куршаб шайлоо округунан ат салыша турчу талапкерлер. Тизме

Куршаб шайлоо округундагы шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат. Жарышта талапкерлер эң көп добушка ээ болушу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусунун №10 Куршаб шайлоо округунан аттанган талапкерлердин тизмесин жарыялады.
Аталган округдан 10 талапкер ат салышат. Алардын арасында Ош шаарынын экс-мэри Айтмамат Кадырбаев, мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бар.
Куршаб шайлоо округуна Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы № 5058, № 5059, №5060, № 5062, № 5063, № 5473, № 5498, № 5578, № 5579 шайлоо участкалары, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары, Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот, Савай айыл аймактары жана Алай районундагы Жаңы-Алай айылы кирет. Шайлоочулардын жалпы саны — 112 миң 847.