Казакстан модернизацияланган ракеталык комплексин сынады. Видео

Казакстандын Караганда облусундагы "Сарышаган" полигонунда С-300ПС ракеталык комплексин сыноо иш-чарасы өттү.
Sputnik
Ракеталык комплекс капиталдык ремонттон жана модернизациядан кийин сыналды. Жаңы коплексти сыноо иштери күндүз жана түн ичинде жүргүзүлдү. Анын бутасы катары Казакстандын аба мейкиндигине кирип келген баллистикалык ракеталар каралды.
Казакстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер башчысы, генерал-лейтенант Нурлан Орманбетовдун айтымында, С-300ПС зениттик ракета комплекси - абадагы соккудан коргонуучу дүйнөдөгү эң кубатуу каражаттардын бири.