Тасма талаасында кесиптешин атып алган Алек Болдуин биринчи жолу үн катты

Болдуин анын артынан аңдып жүргөн репортер-папараццилерге жооп берип, каргаша болгон жерде тартуу ишин улантпай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Голливуд актёру Алек Болдуин тасма тартуу аянтчасында тапанча менен атып өлтүрүп алган аял боюнча үн катып, аны өтө сейрек кездешкен кокустук катары баалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Болдуин каргашалуу окуядан кийин биринчи жолу Вермонт штатында анын артынан аңдып жүргөн репортер-папараццилерге унаасын токтотуп, камерага сүйлөп берген.
"Тасма тартуу талаасында ар кандай учурларга туш келебиз, бирок мындай нерсе болгон эмес. Бул триллион учурдун бирөөсүндө гана кездеше турган окуя", — деген Болдуин.
Карыз өндүрүүгө келген сот аткаруучуга балта көтөрө чуркап... Казакстандагы видео
Ал ошондой эле каргаша болгон жерде тартуу ишин улантпай турганын кошумчалаган.
Болдуин тасма тартуу аянтчасында машыгып жатып октолгон тапанча менен кесиптешин атып алган. Жыйынтыгында оператор Галина Хатчинс көз жумуп, режиссер Жоэль Соуза оор жаракат алган. Актер тапанчанын ичинде чыныгы октордун бар экенин билбегенин айткан.
Ал азырынча иликтөө ишин ачыктай албай турганын билдирип, журналисттерди артынан түшпөөгө чакырган.