Бишкекте эртеңден тарта жол кире кымбаттайт. Ким канча төлөйт

Жети жашка чейинки бөбөктөрдөн жол кире алынбайт. Эгер ата-эне коомдук транспортко эки баласы менен түшсө, бирөө үчүн бир адамдын акысын төлөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкекте эртең, 1-ноябрдан тарта, коомдук транспорттордо жол кире кымбаттайт.
Мындай чечимди сентябрда мэриянын сунушу менен Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган.
Маршруткаларда баа 15 сом болсо (мурда 10 сом эле), ал эми автобус, троллейбустардыкы 11 сомго (8 сом болчу) чейин көтөрүлдү.
Бишкекте конкурс өтүп, троллейбустун мыкты айдоочусу аныкталды. Сүрөт
Пенсионерлер үчүн маршруткаларда мурдагыдай 50 пайыз жеңилдик каралган. Тагыраагы, эртең менен саат 8:00дөн кечки 21:00гө чейин маршруткалар пенсионерлерден 8 сом алат. Ал эми троллейбус, автобустарда пенсиялык күбөлүгү барлар акысыз жүрө алышат. Эгер андай күбөлүк болбосо, башка жүргүнчүлөр сыяктуу 11 сомдон төлөшөт.
Ал эми окуучулар үчүн эч кандай жеңилдик каралган эмес. Алар катардагылардай эле 15 сом төлөшөт. Болгону жети жашка чейинки бөбөктөрдөн жол кире алынбайт. Эгер ата-эне коомдук транспортко эки баласы менен түшсө, бирөө үчүн бир адамдын акысын төлөйт.
Эске салсак, июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган. Ушундай эле көрүнүш январь айында дагы болгон.