Apple компаниясынан озуп... Microsoft дүйнөдөгү эң кымбат компания аталды

III кварталда Microsoft корпорациясы менен катар Google компаниясы да жакшы пайда көргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Американын Microsoft корпорациясы 2,46 триллион доллар капитализациясы менен Apple компаниясынан озуп дүйнөдөгү эң кымбат компания аталды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Нью-Йорк биржа фондунун маалыматтарына таянып жазды.
Билдирмеге караганда, Apple компаниясынын капитализациясы 2,41 триллион долларды түзөт. Компаниянын акциясынын наркы 2021-жылдын III кварталынын отчетунун фонунда 4 пайызга түшүп кеткен. Microsoft корпорациясынын акциялары, тескерисинче, өскөн.
Эч кимде мынча акча болгон эмес! Маск Forbes тарыхында эң бай адам болуп калды
III кварталда Microsoft менен катар Google компаниясы да жакшы пайда көргөнү айтылды.
Белгилей кетсек, Apple дүйнөдө эң кымбат бренд болуп саналат. Аталган компания тогуз жылдан бери тизмеде алдыңкы сапты эч кимге бербей келген. Анын баасы 2020-жылы 26 пайызга же 408 миллиард долларга чейин өскөн. Экинчи орунда Amazon бренди калса, үчүнчүдө Microsoft корпорациясы болчу.