Садыр Жапаров дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт

Жапаров саммитте башка мамлекеттердин башчылары, эл аралык климаттык уюмдардын жана өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрө турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Глазго шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш сапардын алкагында өлкө башчы БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы тараптарынын 26-конференциясына катышып, дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт.
Жапаров БУУнун башкы катчысы Гутерришти куттуктап, жолугушууну сунуштады
Мындан сырткары, Жапаров саммитте башка мамлекеттердин башчылары, эл аралык климаттык уюмдардын жана өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрө турганы айтылды.
БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы тараптарынын 26-конференциясы 31-октябрдан 12-ноябрга чейин Глазгодогу шотландиялык конгресс-борбордо өтөт. Аны Италия менен Улуу Британия уюштуруп жатканы маалым болду.