БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Сургуттагы жеке менчик компаниялардын биринин башкы директору Кыргызстандын жарандарына келтирген 2 миллион 950 миң рубль чыгымын төлөп берди. Бул тууралуу Россиядагы элчилик кабарлады.
Маалыматка ылайык, элчиликтин канцеляриясына 13 адам арыз менен кайрылган. Алар 2020-жылдын май айынан октябрь айына чейин фирмалардын бири менен эмгек келишимин түзгөнүн айтып, бирок анын башкы директору өз милдетин аткарбай жашырынып жүргөнүн белгилешкен.
"Канцелярия кыргыз жарандарынын арызынын негизинде Ханты-Мансийск автономдуу облусунун мамлекеттик органдарына кайрылган. Алар текшерүүнүн жыйынтыгында башкы директорго карата кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Бирок бардык керектүү фактыларды көрсөткөн соң (сүрөт, видео) иш козголгон. Сотко чейинки уктуруулардын жыйынтыгы менен С.С.А. күнөөсүн мойнуна алып, Кыргызстандын жарандарына айлык маянасын төлөп берүүгө макул болгон", — деп айтылат маалыматта.
Элчилик жакында эле 1 миллион 59 миң рубль өлчөмүндө үчүнчү транш төлөнүп берилгенин кошумчалады.