БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Шайлоо учурунда эч кандай административдик ресурс болбойт. Бул тууралуу прзиденттик администрациянын Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Алтынбек Эргешов мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен селектордук жыйын өткөрүп жатып айтты.
Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө кеңешме президент Садыр Жапаровдун шайлоо процессинде административдик ресурсту колдонууга жол бербөө боюнча тапшырмасынын алкагында болгон.
Жыйындын жүрүшүндө 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.
"Шайлоо учурунда эч кандай административдик ресурс болбойт. Бардык шайлоо процесси мыйзамдуу өтүшү керек. Үгүт иштерин жүргүзүүдө бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлүшү зарыл", — деди Эргешов.
Ал укук коргоо жана мамлекеттик органдардын шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар тууралуу арыздарга жана даттанууларга ыкчам чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Эргешов район акимдери менен пикир алышуусунда шайлоо процессине мамлекеттик органдардын кийлигишпөөсү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.