УКМК: Кыргызстан Россиядан тик учак менен учкучсуз аппараттарды сатып алат

Бийлик жаңы техника алып, колдо барын оңдоп-түзөөгө ниеттенип жатат. Акча республикалык бюджеттен бөлүнмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан Ми-17В-5 тик учактарын жана учкучсуз башкарылуучу "Орлан-10Е" аппараттарын сатып ала турганын УКМК билдирди.
29-октябрь күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резинециясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун жетекчиси Александр Михеев менен жолуккан
29-октябрь күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резинециясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун жетекчиси Александр Михеев менен жолуккан.
Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аскерий-техникалык кызматташууну алдыга жылдыруу маселелери талкууланганы айтылды. Тараптар "Рособоронэкспорт" компаниясынан жаңы тик учак сатып алуудан тышкары Кыргызстандагы Ми-8 МТВ тик учактарын капиталдык ремонттон өткөрүүгө макулдашкан. Мындан тышкары, тетиктер жеткирилип, агрегаттары оңдолмокчу.
Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды. Сүрөт
УКМКнын маалыматына караганда тараптар Кыргызстандын учкучсуз башкарыла турган көп функционалдуу "Орлан-10Е" аппараттарын сатып алуусу боюнча келишимге кол коюшкан. Саны азырынча белгисиз. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөрү айтылды.
Буга чейин Ташев бийлик Түркиядан "Байрактар" аппараттарын сатып аларын айткан болчу.