"Ишеним" партиясынан депутаттыкка аттангандар. Тизме

"Ишеним" партиясынын тизмеси менен учурда парламентте отурган алты эл өкүлү жана шаардык кеңештин үч депутаты кайра шайлоого аттанды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жараянына "Ишеним" партиясы 54 талапкер менен катышат. Алардын арасында азыр парламентте депутат болуп иштеп жаткан Нурбек Сыдыгалиев, Улугбек Ормонов, Бурул Аманова, Уланбек Исмаилов, Айнура Осмонова, Ныязбек Арзыбаев бар.
Талапкерлердин аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери БШК берген маалыматтын негизинде тизмектелди.