БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин бардык районунда ишембилик өткөнүн мэрия кабарлады.
Иш-чарага 5 370тей киши жана 319 уюм катышкан. Аларга жөнөкөй жарандар да кол кабыш кылышты.
Ленин районунда 2 миңден ашуун киши чыкты. Алар муниципалдык администрациясынын аймагын, арыктарды, үйлөрдүн короолорун, парктарды тазалап, 95 куб метр таштанды чыгарышты.
Октябрь районунда ишембиликке 900дөн ашуун адам катышканы айтылды. Аймакты тазалап, "Ынтымак" паркына 250 көчөт отургузушкан.
Биринчи май районунда 1 250 киши өз аймагын тазаласа, Свердлов районунан 1 200 адам иш-чарага катышты.
Жалпы жонунан түшкө чейин 210 куб метр акыр-чикир чыгарылган. Шаарды иретке келтирүү түштөн кийин да уланганы айтылды.