"Бүтүн Кыргызстандын" тизмеси. Арасында УКМК кызматкери да, массажист да бар

Бул ирет тизмеге чек коюлуп, 54төн ашырбоо эрежеси киргизилген. Партиянын бир талапкерин БШК каттоодон баш тартып, 53ү шайлоого аттанды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын курамы тууралуу маалымат жарыяланды.
Анын ичинен Sputnik "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен жарышка аттанган талапкерлерди тааныштырат. Жаш курагы боюнча алардын эң улуусу 71, кичүүсү 27 жашта.
Белгилей кетсек, БШК 30-катар номердеги талапкерди каттоодон баш тарткан. Мындан тышкары, 19-катар номердеги талапкер да өз арызы менен талапкерлигин алган. Андыктан эки орун бош калды, мыйзам боюнча башка талапкерди кошуу мүмкүн эмес.  Натыйжада "Бүтүн Кыргызстандын"  тизмеси 53 талапкер менен бекитилди.
Бул ирет тизмеге чек коюлуп, талапкерлердин санын 54төн ашырбоо эрежеси киргизилген.