БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкекте "Кагаз калдыгын тапшырып көчөт ал" деп аталган акция жүрүүдө.
Иш-чараны борбор калаанын мэриясы менен Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги уюштуруп жатат. Буга чейин муниципалитет Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бак менен "Ынтымак-2" паркына 500 көчөт отургузуларын маалымдаган.
Акцияга каалаган киши катыша алат. Бул үчүн үч килограмм макулатура же беш желим бөтөлкө тапшыруу керек. Анын ордуна бир көчөт берилет. Ошол жерде эле макулатураны кабыл алчу жайлар уюштурулган.
Ушу тапта өз көчөттөрүн мэр Айбек Жунушалиев, вице-мэр Виктория Мозгачева, экоактивисттер жана шаар тургундары отургузду.