"Ата Мекен" партиясынын тизмеси. Курамында журналисттер, курулушчулар бар

Партия, мыйзамга ылайык, курамына 54 адамды жыйнаган. Бирок БШК №42 катардагы жаранды талапкер катары каттаган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын курамындагы талапкерлердин тизмесин жарыялады. Анда ар бир талапкердин аты-жөнү, туулган жылы жана иштеген жери жазылган.
Sputnik Кыргызстан "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен тааныштырат.
Аталган саясий уюм, мыйзамга ылайык, курамына 54 адамды чогулткан. Бирок БШК №42 катардагы жаранды талапкер катары каттаган жок. Натыйжада "Ата Мекен" 53 талапкери менен жарышка аттанды. Эң улуусу 71, кичүүсү 26 жашта.