Радио

Момунов: Кыргызстанда текстилдик өндүрүштө технологдор жетишпейт

"Эрден" текстиль компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Улан Момунов Кыргызстанда текстилдик өндүрүш тармагында тажрыйбалуу технологдордун саны абдан аздыгын айтты.
Sputnik
Жеңил өнөр жайдагы өндүрүштүн натыйжалуулугу, продуктунун сапаты, кызмат көрсөтүүнүн бийик деңгээлде болушу технологдордун ишинен көз каранды. Мындай пикирин Улан Момунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, текстилдик жана тигүү өндүрүшүндө атайын окуу борборлору түзүлсө жумушчу күчтүн санын жана сапатын жакшыртууга негиз болот.
"Жеңил өнөр жай тармагында жумушчу күчтүн жетишпестиги байкалып келет. Бул боюнча коңшу өлкөлөр менен тыгыз иштешүүчү агенттиктерди түзүп же өлкөдө адистерди окута турган борбор ачылса бир топ маселелер чечилип калат эле. Мындан тышкары, текстилдик өндүрүштөгү орчундуу көйгөйлөрдүн бири — тажрыйбалуу технологдордун абдан аз болушу. Анткени алар фабриканын, тигүүчү цехтин жүрөгү. Учурда Бишкекте бул багытта дасыккан адистер саналуу. Сапатты жакшыртууда, эл аралык деңгээлде атаандаштык көрсөтүүдө технологдордун ишине муктаждык бар", — деди Момунов.
Ошондой эле адис текстиль өндүрүшүндө экспорттун көлөмүн көбөйтүп, эл аралык аренада атаандаштык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жетиштүү экендигин кошумчалады.