Талибдер кафе, ресторандарга катуу чектөө койду

Афганистандын жаңы бийлиги өлкөнүн провинцияларында өздөрүнүн жаңы тартиптерин орнотууну улантууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Талибан"* Бадахшан провинциясындагы кафе-ресторандарга өздөрүнүн катаал талаптары менен чектөөлөрүн койду. Бул туурасында AVA Press басылмасына шилтеме берип Sputnik Тажикстан жазды.
Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты
Бул биринчи иретте ресторан менен кафеге келгендерге тиешелүү болуп чыкты. Эми мындан ары аялдар менен эркектер бир жерде отуруп тамактана алышпайт. Чылым чеккенге жана намаздын маалын өткөрүп жиберүүгө болбойт. Ал жерде музыка ойнолбошу керек.
"Бул жаңы афган бийлигинин биринчи салган тыюулары эмес. Буга чейин талибдер үйлөнүү тойдун эрежелерин бекиткен. Отель менен ресторандардын ээси конокторду "эркектер" жана "аялдар" тарап деп бөлүп отургузууга милдеттендирилген", — деп жазды басылма.
Салтанатка келгендер уюштурулган көңүл ачуучу ар кыл сынактарга катышпашы керек, ал эми дасторконго гормэ кошулган күрүч жана нан гана коюлушу керектиги айтылган. Үйлөнүү тойдо да музыкага тыюу салынган.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм