Спорт агенттигин жойгону жатышат. Машыктыруучулар чуу түшүп, Жапаровго кайрылды

Эгер агенттик департаментка айлана турган болсо, анын штаты 11 адамдан турат. Машыктыруучулар алар баарына жетишпейт деп тынчсызданууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигин жоюп Маданият министрлигинин алдындагы департамент кылганы жатышат. Бул туурасында олимпиадалык класстагы калыс, машыктыруучу Мейрамбек Ахмедов маалымат жыйында билдирди.
Ал эгер департамент болсо, 11 эле адам башкарып каларын айтууда. Мунун кесепети спортчулардын ийгилик жаратышына терс таасир этет.
Олимпиадалык класстагы калыс, машыктыруучу Мейрамбек Ахмедов
"Токио Олимпиадасынан үч медаль алып келдик. Элибиздин сүйүнгөнүн көрүп Токиодо отуруп, чынын айтканда, мен ыйладым, мурда мындай болгон эмес. Президент өзү да бизди кабыл алып, жогорку сыйлыктарды берди. Кийин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан 6 медаль алып, жалпы эсепте 5-орунду алышты. Анан эмнеге минтип Спорт агенттигин жойгону жатышканын түшүнбөй турам. Аябай ызаланып жатабыз", — деди Ахмедов.
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов эми 2024-жылы боло турган Олимпиадага даярдык аксай турганын белгиледи.
Грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов
"Ачыгын айтыш керек, учурда кыргызстандыктарга спортчулар позитив тартуулап жатат. Тескерисинче, спорт тармагын тескеген органдын укугун кеңейтип, статусун жогорулатыш керек. Кайра статусун көтөрүп өзүнчө мамлекеттик комитет кылса, дагы да ийгиликтер жаралмак. Мисалы, Россияда өзүнчө Спорт министрлиги бар, ар бир региондо өзүнчө бөлүмдөрү иштейт. Спорт агенттигинин көз карандысыз даярданданганы Токиодогу жетишкендик болду. Эми элестеткиле, 11 киши Парижге спортчуларды даярдай алабы? Улуттук спортту көтөрө алабы?" — деди Алыкулов.
Буга байланыштуу машыктыруучулар президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, жагдайды туура түшүнүүгө чакырды.