Парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды

Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт. БШК 21 партияны, бир мандаттуу округдан 321 жаранды талапкер катары каттады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын календарлык планына ылайык, парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды.
Шайлоого катышып жаткан партиялар жана талапкерлерге үгүт кампаниясын жүргүзүүгө 29-октябрдан 27-ноябрь саат 8:00гө чейин убакыт берилет. Ал эми добуш берүү 28-ноябрга белгиленген.
Бул ирет парламенттик шайлоо преференциялуу жана мажоритардык болуп аралаш система менен өтүп жатат. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланып келет. БШК 21 партияны, бир мандаттуу округдан 321 жаранды талапкер катары каттады.