Садыр Жапаров Түркиянын президенти Эрдоган менен жолугууну пландап жатат

Рыфат Хисаржыклыоглу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жылуу саламын жолдоп жана Кыргызстанды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жолугууну пландап жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
Жапаров Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш гана эмес, боордош мамлекет экендигин белгилеп, тараптар туура 30 жыл мурун түптөлгөн мамлекеттер аралык катнаштардын мыкты салттарын улантып жатканын белгилеген.
"Президент Садыр Жапаров ноябрь айында Стамбул шаарында пландалып жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-жыйынынын алкагында Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Рыфат Хисаржыклыоглу чакырууга ыраазычылык билдирип, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жылуу саламын жолдоп жана Кыргызстанды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Ал ошондой эле түркиялык инвесторлордун кызматташууга жогорку кызыгуусун жана Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.