Россиядагы мигрант медкамсыздандырууну кантип толтурушу керек. Видеонускама

Иштеп жаткан чет элдик жарандар полистин үч түрүн толтура алат. Россиянын Мигранттар боюнча федерациясы анын жол-жобосун, эрежесин түшүндүрүп берди.
Sputnik
Ар бир мигранттын сөзсүз түрдө медициналык камсыздоосу болушу керек деп билдирди Sputnik Өзбекстан. Алар "Здоровье мигранта", "Здоровье мигранта +" жана "Здоровье мигранта. Дети" деп аталат.
"Здоровье мигранта" полиси:
Дарылоо "Здоровье мигранта" стандарттык полисинде каралган сыяктуу эле. Айырмасы, кеңейтилген камсыздандыруу кырсык болуп кетсе же травма алса, мигрантка акчалай төлөмдү 50 миң рублге чейин алууга мүмкүнчүлүк берет.
Андан сырткары, камсыздандырылган адамдын өлүмүнө байланышкан жобо бар: көз жумган кишинин туугандары 50 миң рубль алат. Мындан сырткары, тажияга кеткен чыгымга 50 миң рубль берилет.

"Здоровье мигранта. Дети" полиси

Баланын 12 жашка чыккан жылы да кошулуп, полистин мөөнөтүнүн негизинде 100 миң рублге чейин дарылана алат. Камсыздандыруу көлөмү өткөн полистердегидей эле.
Чоң киши жана бала үчүн мындай камсыздандыруу жылына 5 000 рубль болот.

Полисти толтуруу эрежелери

Муну сайтка fmr-online.ru кирип жасаш керек. Документтин канча убакытка чейин жарактуу боло турган мөөнөтүн, тибин (жогоруда айтылган үч варианттын бирин) көрсөтүү абзел. Акча ошол жерден төлөнөт.
Полисти толтурууга жети календарлык күн кетет. Документ сиз сайтка жазып калтырган электрондук почтага келет. Ал эми суроолор жаралса же кеңири кеп-кеңешти +7 963 997-42-10 жана +7 926 130-75-00 телефон номерлерине чалып алса болот.