Россия Кыргызстанга аскердик клиника үчүн медициналык жабдууларды берди

Колдоо Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун чечими менен ишке ашууда. Эми аскер кызматкерлерге жана ардагерлерге медициналык тез жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө шарт түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бүгүн, 29-октябрда, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Россия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик клиникасы үчүн медициналык жабдуулар менен оргтехника берди. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Бүгүн, 29-октябрда, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Россия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик клиникасы үчүн медициналык жабдуулар менен оргтехника берди
2 / 3
Колдоо Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун чечими менен ишке ашууда
3 / 3
Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы Мырзакан Субанов жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо иштери боюнча аскердик атташеси Игорь Довбня катышты
Колдоо Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун чечими менен ишке ашууда.
"Физиотерапиялык жана кошумча медициналык жабдуулар берилди. Эми Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерине жана ардагерлерине медициналык тез жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө өбөлгө түзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы Мырзакан Субанов жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо иштери боюнча аскердик атташеси Игорь Довбня катышты.