БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков көйгөйлөр жаралбаш үчүн фермерлерге талааны быйылкы жылы жана 2022-жылдын башында сугарууну сунуштайт.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кургакчылык түшүмгө кандай таасир этти жана министрликтин 2022-жылга даярдыгы" аттуу брифингге катышкан.
"Биринчи кезекте фермерлерге азыр каналдар аркылуу берилип жаткан суу менен талааны жана көп жылдык чөптөрдү сугарып алууну сунуштайбыз. Бул эмдиги жылы жер казуу иштерин жеңилдетет. Ошондой эле эрте жазда сугарып алган жакшы. Бара-бара сууга талап күчөп, бирок берилген суунун көлөмү ошол эле бойдон калышы мүмкүн", — деди министр.
Жаныбековдун айтымында, адатта Чүйдө сугат иштери 10-13-майдан башталат. Бирок келе жаткан жылы суу март айынан эле берилери маалым болду. Сөзүнүн соңунда ал маалы келгенде кайсы аймактарга суу эрте бериле баштаганы боюнча дыйкандарга айтыларын кошумчалады.