Пресс-борбор

Айыл чарба министри күзүндө талаалар эмнеге сугарылып жатканын түшүндүрдү

Министрлик эмдиги жылы да суу менен камсыздоодо кыйынчылыктар болбошу үчүн айдоо алдындагы сугаруу иштерин жүргүзүүнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Учурда бир нече талаа сугарылып жатат, бул келерки жылы вегетациялык мезгилде оорчулуктарды азайтуу максатында жасалып жатканын айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кургакчылык түшүмгө кандай таасир этти жана министрликтин 2022-жылга даярдыгы" аттуу брифингге катышкан.
Жаныбековдун айтымында, эмдиги жылы да быйылкыдай суу менен камсыздоодо кыйынчылыктар болбошу үчүн министрлик дыйкандарга айдоо алдындагы сугаруу иштерин жүргүзүүнү сунуштап жатат.
"Быйыл 85 миң гектар жердеги дан эгиндерин алдын ала сугаруу пландалып, иштин 70 пайызы аткарылды. 220 миң гектар жерде да ушундай иштер пландаштырылып, иштер жүрүүдө. Биз азыр мүмкүн болушунча чарбаларды сугат суу менен камсыз кылып, дыйкандарга көмөктөшүп жатабыз", — деди министр.
Буга чейин министр кургакчылыктан улам өлкө түшүмдүн үчтөн бир бөлүгүнөн кол жууганын билдирген.