Бюджет дагы 350 миллион сом менен толукталды. Каражат кайдан алынды

Радиожыштыктар үч лот менен сатылган, жалпысынан республикалык бюджетке 1 миллиард сомго чукул каражат түштү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Альфа Телеком" (MegaCom брендиндеги) компаниясы 350,1 миллион сомго дагы бир радиожыштык сатып алды. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Буга чейин "Нур Телеком" (О! брендиндеги) компаниясы аталган жыштыкты сатып алуудан баш тарткан. Онлайн аукционго "Скай Мобайл" ЖЧКсы (Beeline брендиндеги) дагы катышкан.
Онлайн-аукционго төмөнкүлөр катышты:
Sky Mobile ЖЧКсы (Beeline) — 40 МГц (2360-2400 МГц) үчүн — 360 миллион 64 миң сом сунуштаган.
"Муну менен радиожыштык сатуудан республикалык бюджетке 1 миллиард сомго чукул каражат түштү. Буга чейин УКМК жана Аскердик прокуратура, Байланыш агенттиги менен биргеликте лицензиясы мыйзамсыз кайра каттоодон өткөн жыштыкты кайтаруу ишин жүргүзгөн. Лиценция "Ала ТВ ЖЧКсына таандык болгон", — деп жазылат маалыматта.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги онлайн сатууну өткөрүү маалында "Онлайн-аукцион" auction.nas.gov.kg автоматташтырылган маалыматтык системасында техникалык жана башка мүчүлүштүктөр болбогонун белгиледи.