Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев көз жумду

Маданияттын дөө-шааларынын бири Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Каза болгонун небереси айтып, Маданият министрлиги тастыктады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында көз жумду. Бул тууралуу социалдык тармак аркылуу небереси Дастан Байжиев билдирди.
Маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тастыктады.
"Бүгүн менин чоң атам Байжиев Мар Ташимович көз жумду", — деп жазган небереси Дастан.
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург, публицист, журналист Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген.
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди. Сүрөт
1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, кийин Москвадагы киносценарист жана кинорежиссёрлук жогорку курсун да аяктаган. "Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрлигинде, "Литературная газета" басылмасында иштеген.
"Манас" эпосу жөнүндө тасмага, "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Бирөөнүн бактысы", "Нокдаун" өңдүү фильмдердин сценарийин жазган.
Ошондой эле "Балдар бойго жеткенде", "Эрөөл", "Эр намысы", "Ар бир үйдө майрам", "Кыз-күйөө", "Алтынчы күнү кечинде", "Узак сапардагы поезд" пьесаларынын автору.