БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Мамлекеттик органдардагы статс-катчылар институту жоюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган кызмат "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жаңы мыйзамдын негизинде жоюлган. Документке президент Садыр Жапаров кол койду.
"Статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгында бул институттар майнаптуулугун көрсөтө алган эмес деген тыянак чыгарылды. Бул кызмат мамлекеттик башкарууда эффективдүүлүктү көрсөткөн жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам анын милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларына жүктөлөт.
Статс-катчы деген ким экенин жана колунда кандай бийлик болгонун буга чейин Sputnik агенттиги даярдаган материалдан окуп алсаңыз болот.