Бишкек менен Чүйдө 30-октябрдан тарта Pfizer вакцинасы колдонууга берилет

Вакцинанын 259 740 дозасы 27-октябрда COVAX багыты менен алып келинген. Эртеңден тарта кыргызстандыктар эмделе баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Pfizer вакцинасы 30-октябрдан тарта Бишкектин бардык эмдөө пунктуларында жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мындан тышкары, препарат Аламүдүн менен Сокулук райондорунда жана Кант шаарында дагы болот.
Милдеттүү эмдөө. Министрлик вакцина албагандарды эмне күтүп турганын айтты
1-ноябрдан баштап республиканын бардык аймактарына акырындык менен жеткирилет. Аны менен 18 жаштан жогорку курактагы бардык каалоочулар эмделе алат. Ар бир дозасы 21-28 күн аралыкта сайылат.
Вакцинанын 259 740 дозасы 27-октябрда COVAX багыты менен алып келинген.
Буга чейин ЮНИСЕФтин колдоосу менен Pfizer үчүн төрт муздаткыч менен ийнелер алынган.