Пресс-борбор

Министр: кургакчылыктан улам түшүмдүн үчтөн бир бөлүгүнөн кол жуудук

Министрдин айтымында, сугат үчүн сууну дыйкандардын баарына жетиштүү көлөмдө берүү мүмкүн болгон жок.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Быйыл түшүмдүн 35 пайызга чейинкиси алынбай калды. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кургакчылык түшүмгө кандай таасир этти жана министрликтин 2022-жылга даярдыгы" аттуу брифингге катышкан.
Министрдин айтымында, быйылкы жыл өтө татаал болду.
"Сугат үчүн сууну дыйкандардын баарына жетиштүү көлөмдө берүү мүмкүн болгон жок. Бирок Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик бул кемчиликти жоюу үчүн колдон келген аракетин кылды. Кургакчылыктын кесепетинен быйыл пландаган дан азыктарынын 35 пайызын ала албай калдык", — деди ал.
Анткен менен министр башка өсүмдүктөр боюнча мынчалык чоң жоготуулар болбогонун кошумчалады.