Коронавирус 116 адамдан табылып, эки бейтап көз жумду

Өлкөдө жалпысынан 181 105 адам илдет илештирип, анын 175 493ү дартты жеңген. 2 666 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 116 кишиден коронавирус аныкталып, 91 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Өлкөдө жалпысынан 181 105 адам илдет илештирип, анын 175 493ү дартты жеңген. Өлүм учурлары дагы катталууда. Бир сутка ичинде оору эки адамдын өмүрүн алып, жалпысынан 2 666 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта стационарда 708, ал эми амбулатордук шартта 718 адам дарыланып жатат.