Жашыл экономика. Каатчылык менен кем акыл саясатчылардын символу

Деги бир тажабай койду. Мындан алты жыл мурун Парижде климат боюнча конференция өткөргөн Батыш эми Глазгого чогулуп, пайда-батасы жок экени эбак далилденген тезистерди кайталамак болду.
Sputnik
Жагдайга журналист Елена Караева абай салып, макала РИА Новости агенттигине жарыяланган.
БУУнун Глазгодо өтчү климат боюнча конференциясынын алдында "кантип дитиңер бардысы" менен Грета Тунбергди "тирилтип", "шаарларды суу каптап кетет", "бензин пайдалана берсек планетаны көө каптайт" деген лозунгдарды жайнатып гезиттерде массалык кампания уюштуруп жиберишти.
Китептер да унутта калган жок. Басып чыгаруу иши (авторлорду, редакторлорду иргөө эмес, анын өнөр жай сектору — басмаканалар) да табиятка зыян келтирет экен. Бак-дарак азайып, боёктор ден соолукту бузуп, ал эми аларды ташуу абага уулуу заттарды бөлүп чыгарары айтылды.

Эми эмне кылабыз?

Планетаны сактоо идеясын болушунча жайылткан БУУнун аткаминерлери тилектештикке, тең укуктуулукка жана өз ара жардам берүүгө чакырып жатат.

Ким каршы?

Түзүлгөн жагдайдан пайда көрө турган трансулуттук корпорациялар колун майлап жаткан учуру: бир жагынан энергетикалык ресурстун таңсыктыгынан пайдаланып, бааны каалагандай көтөрүп жатат, экинчиден, дал ушулар пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүү фондунун негизги реципиенттери болуп саналат. Бул фонддун жарымы, башкача айтканда, 350 миллиард евродон ашыгыраак сумма баягы "жашыл өтмөккө" жумшалышы керек.
Туңгуюкка кептечү "өтмөккө". Анткени калыбына келүүчү энергия булактарына өтүү аракети кагаз жүзүндө гана кынтыксыз болду, евробюрократтар айрым "тоскоолдуктарды" жадынан чыгарып койгон сыяктуу. Мисалы, табият ошол эле шамалдын күчүнө, күндүн ысык-суугуна таасир этет эмеспи.
Быйылкы жайда Европада шамал да көп болбой, күн да салкын тартып турду.
Көмүр капчыктарды жылытабы? Россиялык отун Европага эмнеге кымбатка түшүүдө
Өнөктөштөрүнө суюлтулган газ убадалаган АКШ танкерлерди рынок мыйзамдарына ылайыктап Азияга жөнөттү.
Конференция өтө турчу Шотландия караган Улуу Британияда мурункудай эле "экологиялык отунга өтүүнүн альтернативасы жок" деп келишет. Баса, бул жерде газ чоң байлык деп эсептелип, жылуулук менен электр энергиясына эсеп болжол менен жылына 800 фунт стерлингге көтөрүлүп жатканын белгилей кетели.
Ла-Манштын аркы жээги Брюссель да "Россиядан энергетикалык көз карандылыкты шамал менен күн кубаты гана жоё аларын" айтууда.
Ал арада РФ лидери "Газпром" жетекчилигине Европанын газ сактоочу жайларына россиялык "көгүлтүр отту" кошумча жөнөтүүгө тапшырма берди.
"Жашыл" менен "көгүлтүрдүн" кармашында акыл калчап иш кылган тарап гана жеңишке жетет шекилдүү. Кооз сөз канча айтылса да үйдү жылыта албайт эмеспи.