Ишембиге карата аба ырайы

30-октябрга караган түнү Баткен, Талас облустарында күн ачык болот. Калган аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан аралаш кар, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ишембиде күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Республиканын башка региондорунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Күздүн кереметине суктанган да бар, сезбеген да бар. Ажайып сүрөттөр
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +6...+11 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13...+15, Ош калаасында +16...+18 градуска жетет.