БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Марк Цукерберг Facebook компаниясынын аталышын Meta кылып өзгөрттү, бирок Facebook социалдык тармагы ошол боюнча калат. Бул тууралуу ал бейшемби күнү айтып чыкканын РИА Новости жазды.
"Бүгүндөн баштап биз Meta деп аталабыз. Ал грек тилинде "андан кийин" дегенди билдирет. Мен үчүн мындан ары да башка нерсени жасаса болорун туюндурат", — деген ал презентация маалында.
Цукерберг Facebook тармагы ошол боюнча каларын жана Meta компанияга тиешелүү айрым тиркемелерге да өзгөртүү киргизбей турганын белгиледи. Кеп Messenger, WhatsApp менен Instagram тууралуу болууда.
Буга чейин Цукерберг "Мета ааламды" (Metaverse) түзүүнү көздөп жатканы айтылган. "Мета аалам" — бул адамдар жайгашкан жерине карабастан виртуалдык чөйрөдө кенен баарлаша ала турган онлайн-дүйнө.