Сууга чылаш керек. Диетолог жаңгактын зыяндуу жактарын айтты

Адис белгилегендей, жаңгакты алты-сегиз саат сууга чылап коюп, анан жесе азыктагы пайдалуу заттар организмге сиңимдүү болот.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жаңгак, бадам, мисте жана кешью энергияны толуктоо жана жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жөнгө салуу үчүн пайдалуу болгону менен туура жебесе организмге зыян келтирет. Бул тууралуу диетолог Артем Леонов билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, жаңгактын курамында көптөгөн пайдалуу макро жана микроэлементтер, клетчатка жана белок бар экендигине карабастан, алар ферменттерди басуучу заттарды камтыйт.
"Жаңгактагы бардык пайдалуу заттарды табигый консерванттар каптап турат. Суу табигый консерванттарды нейтралдаштырат, бул жаратылыштын кубулушу. Жаңгак сууну өзүнө сиңирип алса, анда бардык микро жана макроэлементтер активдүү формага өтүп, организмге пайдасы тие турган болуп калат", — деген Леонов.
Ал кошумчалагандай, жаңгакты алты-сегиз саат сууга чылап койсо жакшы болот. Диетолог муну жаңгактан энергия алуунун бирден-бир жолу деп эсептейт.