Бишкекте эл ташыган автобус бакты сүзүп, жүргүнчүлөр жабыркады. Видео

Алдын ала маалымат боюнча, 9-10 адам жабыркады. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Автобустун алдынан автоунаа чыгып калган деген версия дагы каралып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкекте эл ташыган автобус Чыңгыз Айтматов проспектинде бакты сүзүп кетти.
Патрулдук милициянын маалыматына караганда, автобус Киргизия-1 конушу жактан түштүктү көздөй баратып, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан бакты сүзгөн.
1 / 2
Бишкекте эл ташыган автобус Чыңгыз Айтматов проспектисинен бакты сүзүп кетти
2 / 2
Патрулдук милициянын маалыматына караганда, автобус "Киргизия-1" конушу жактан түштүктү көздөй баратып, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан бакты сүзгөн
Алдын ала маалымат боюнча, 9-10 адам жабыркады. Милиция жол кырсыктын чоо-жайын иликтеп, автобустун алдынан автоунаа чыгып калышы мүмкүндүгүн билдирди.
Жеринде Тез жардам кызматы иштеп жатат.