Балдарды коронавирустан сактоонун жалгыз жолу аталды

Белгилей кетсек, коронавируска каршы вакцинаны башында 18 жаштан жогоркулар алып келген. Акыркы айда өспүрүмдөр да акырындан ала баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Балдарды жана өспүрүмдөрдү коронавирус инфекциясынан коргоо үчүн чоңдор вакцина алышы керек. Бул тууралуу Москва мамлекеттик университетинин биология факультетинин вирусология кафедрасынын профессору Алексей Аграновский билдиргенин РИА Новости жазды.
"Өспүрүмдөр эмдөөдөн өткөнгө чейин анын айланасы, тагыраагы, чоңдор вакцина алышы керек. Балдар барган мектеп, бала бакча, спорттук секциялар менен ийримдерде бүт чоң кишилер иштейт. Бул ооруну түп-тамырынан жок кылбаса да азайта алат", — деген эксперт.
ДССУ адамзат COVID-19ду кантип жеңсе болорун айтты
Белгилей кетсек, коронавируска каршы вакцинаны башында 18 жаштан жогоркулар алып келген. Акыркы айда өспүрүмдөр да акырындан ала баштады. Маселен, Россиянын "Спутник V" вакцинасын 12-17 жаштагы балдарга колдонууга уруксат берүү үчүн июль айында препаратты сыноо башталган. Балдарга бир дозанын 10дон бир бөлүгү куюлган. Учурда жыйынтыгы күтүлүүдө.
Кечээ коңшу Өзбекстанда коронавируска каршы 177 миң өспүрүм эмдөөдөн өткөнү белгилүү болгон. 12 жаштан жогорку балдар бир айдан бери Pfizer препаратын алып жатат.