"14-кылымдан, аркы дүйнөдөн кайттык..." Панжшерде кан кечкен экинчи мусулман батальону

40 жыл мурда 29-октябрда 177-атайын даярдыктагы отряд чек арадан өтүп, Түндүк Афганистандын Фарьябына кирет. Бул отряд СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы чалгындоо кызматына баш ийип, кийин "экинчи мусулман батальону" деп аталат.
Sputnik
Алты айдан ашык ушул батальон Панжшер капчыгайында атактуу талаа командири Ахмад Шах Масудга каршы согушкан. Алардын эрдигинин аркасы менен миңдеген советтик аскерлер аман калышкан. Бүгүнкү күндө Масуддун баласы Ахмад тарапкерлери менен талибдерге каршы (КР менен РФ тыюу салынган террордук уюм) күрөш жүргүзүп жаткан учуру. Колумнист Алмаз Батилов легендарлуу экинчи мусулман батальонунун сержанты Өмүрбек Шалпеков менен маектешкен. Жердешибиз афган согушунда көрсөткөн эрдиги үчүн СССРдин "Аскердик каармандыгы үчүн" медалы менен сыйланган.
Афган согушунун ардагери Өмүрбек Шалпеков
— Экинчи мусулман батальонунун катарына кандайча кошулуп калдыңыз эле?
— 1981-жылы 20-апрелде, мен ал кезде 19 жашта элем, Токмок шаарынын аскердик комиссариатынан СССРдин куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылгам. 68 кыргызстандык Советтик армиянын Генералдык штабынын курамындагы 177-өзүнчө даярдыктагы отрядда кызмат өтөй баштадык. Кийинчерээк бул отряд экинчи мусулман батальону деп аталды. Биздин аскердик бөлүк Алматы шаарынын жанындагы Капчыгай калаасында жайгашкан болчу. Жарым жыл командачылык бизди аскердик аба-десанты боюнча абдан машыктырды. Отряддын 1-ротасында кызмат өтөдүм. Батальондун жарымы кыргызстандык жана казакстандык жоокерлер болчу. Башка улуттун өкүлдөрү да болду. Отрядды улуту казак, даңазалуу майор Борис Керимбаев жетектеди. Биздин рота менен взводго ага лейтенанттар Таалай Шаатемиров менен Мирбек Үсөнов командачылык кылды. Батальондо башка теги кыргыз офицерлер да бар эле. Биздин ротага тартип бузуп, ээн баштык кылгандар чогултулган. Ошондуктан дисциплинардык рота деп аталчу.
Экинчи мусулман батальонунун жоокерлери Өмүрбек Шалпеков жана Михаил Давыденко. Панжшер капчыгайы, Руха айылы, Түндүк Афганистан. 1982-жыл
— Афганистанга бара турганыңарды качан билдиңер?
— Ошол эле жылы 25-октябрда Латвияга аскердик машыгууга барасыңар деген буйрук менен поездге салышты. Бирок Жамбул облусундагы Луговой станциясынан Түркмөнстанга карай жөнөдүк. Анан эле Афганистанга кетет экенбиз деп күбүр-шыбыр болуп калдык. Совет-афган чек арасынын жанында жайгашкан Аму-Дарыя станциясына келип түштүк. Дароо эле бизге курал-жарак, ок-дары жана күлазык беришти. Ошондо офицерлер ачык эле Афганистанга киребиз дешти. 29-октябрда түнкү саат экиде Аму-Дарыядан паром менен Түндүк Афганистандын Фарьяб чөлкөмүнө кирип, борбору Меймене шаарында жайгаштык.
— Адегенде эле өлкө эмнеси менен таң калтырды?
— Аба ырайы абдан ысык болот экен. Өмүрүмдө биринчи жолу төө көрдүм (күлөт). Анан эшектин көптүгүнө аябай таң калдым. Ал кезде Афганистанда исламдын календары боюнча 14-кылым болчу.
Экинчи мусулман батальонун биринчи ротасынын командири капитан Таалайбек Шаатемиров (оң жактан биринчи) сержант Өмүрбек Шалпеков, старшина Николай Пилгамский, Талгат Алпамысов жана Нуркен Рахимов. Гульбахор айылы, Парван чөлкөмү, Түндүк Афганистан, 1983-жыл, май.
— Меймене шаарында аскердик кызмат өтөп жүргөнүңүздө кайсы окуя эсиңизде калды?
— Биздин рота такай БМП менен СССРден азык-түлүк, күйүүчү май, ок-дары, кийим жүктөлгөн колонналарды тосуп алчу. Ошондой күндөрдүн биринде моджахед "Бур" мылтыгынан 6-ротадагы казакстандык Канат Рахимбаевди сол кулакка атыптыр. Көнчөгү салаңдап, кан шаркырап агып жатат, жанына баргандан баары коркот. Медициналык пакетти ачып, бинт алып канды басып, кулагын таңдым. Канат менен бүгүнкү күндө да катташып турабыз.
Багдаддык кыргыз, сырдуу тапшырма, "япон мафиясы". Кыргыз дипломаттарынын жолу
Андан кийин командачылык Дарзоб районуна жиберди. Ал жерден алгачкы аскердик тажрыйба алдык. Анткени согушкерлер бизди үч ай курчоого алышты, ачкачылыкты башыбыздан өткөрдүк. Биздин аскердик түбөлүк бир туугандыгыбыз да ошондо башталды. Согушта даражаң менен улутуңа карабай биригесиң.
— 1982-жылы экинчи мусулман батальону Панжшер капчыгайында Ахмад Шах Масуддун моджахеддерине каршы сегиз ай согушту. Силерге деле диверсиялык ыкмаларды колдонсо керек?
— Ооба. Жогорудагы аймакка жеткенче 800 чакырым жол жүрдүк. Пули-Хумри шаарында советтик 40-армиянын базасы бар болчу, ал жактан кийим-кече, азык-түлүк, күйүүчү май жана ок-дары алдык. Панжшердин ээси атактуу колбашчы Ахмад Шах Масуд эле. Согушкерлери афган козголоңчулардын ичинен тайманбастыгы, даярдыгы жана айлакерлиги менен абдан айырмаланчу. Сегиз ай алар менен тирештик. Биз да буларга каршы контрпартизандык ыкмаларды пайдаланганды үйрөндүк. Ушул капчыгайдан көп куралдаштарыбыздан ажырадык. Мындан сырткары, канчалаган полктошторубуз жарадар болду. Мисалы, 1982-жылы 25-июнда Панжшерде согушкерлер жолду казып италиялык дистанциялык мина менен 20 килограмм тол (жардыруучу зат) көмүп коюшкан экен. Анын айынан биздин ротанын 019-БМПсы жарылып, үч полктошубуз каза болду. Арасында жердешибиз Даир Сыдыков да бар эле. Салмагы 13 тонна БМП минадан жарылганда абага үч ирет айланып көтөрүлүп, сууга түшкөнүн элестетиңиз...
Экинчи мусулман батальону Панжшер капчыгайына кирип жаткан учуру. 1982-жыл, июнь
— Тоо-ташта, ысыкта  согушуу кыйын болсо керек...
— Панжшер фронту жердеги тозок болду десем жаңылбайм. Моджахеддер тыным бербей колундагы болгон курал-жарагынан аткылап турду. Тоодо аба жетпей, түтөк менен оорудук. Каза болгон полктошторубуздун сөөгүн калтырбай алып чыгууга умтулчубуз. 1982-жылы 1-июлда Базарак айылында суу алабыз деп ылдый түшкөн казакстандык Базарбай Ахметов жана украиналык Леонид Белоозеровду моджахеддер атып өлтүрүштү. Бир сутка аларды алып чыга албай койдук. Октон башыбызды көтөрө алган жокпуз. Экинчи күнү түнүчүндө өмүрүн тобокелге салып, жердешибиз Каныбек Картабаев, казак жоокерлер Талгат Алпамысов менен Нуркен Рахимов сөөктөрдү алып чыгышты. Бул эрдиги үчүн Каныбек "Кызыл Жылдыз" ордени, Талгат менен Нуркен СССРдин "Эрдик" медалы менен сыйланышкан. Батальондун командири Керимбаевдин кыраакылыгы менен нечен ирет буктурмадан аман-эсен чыктык. Офицерлердин чебердигинин аркасында кан майдандан үйгө кайттык. Өзгөчө взводумдун командири Мирбек Үсөновго абдан ыраазымын. Ал жоокерлер менен бат тил табышчу. Үсөновдун мыктылыгынан далай жоокер тирүү калды.
— Тамак-аш менен суудан кыйналган жоксуңарбы?
— Албетте, кыйналдык. Тоодо кароолдо турганда фляжкага жети жүз грамм суу куюлуп берилчү. Суусаганда жалпак кичинекей таштарды соруп, суусунубузду кандырчубуз. Бул таштар шүүдүрүмдөн нымды өзүнө сиңирип алат экен. Тамак-аштан да абдан кыйналдык. Кыргызстандык полктошум Григорий Киктев менен үйгө кайтканда жарылганча шире менен кофе ичип, таттууну өлөрчө жейбиз деп кыялданчубуз. Ушинтип кыялданганда кадимкидей жеңилдеп калчубуз. Бүгүнкү күндө Киктев Краснодар крайында жашайт.
Экинчи мусулман батальонунун биринчи ротасанын аскерлери 1982-жыл, сентябрь. Панжшер капчыгайы, Түндүк Афганистан.
— Кан майданда өмүр менен өлүм арбашып турат эмеспи. Дегеле унута албай турган окуялар көп эле болсо керек...
— Биздин ротада түндүктө жашаган улуттук азчылыктардын үч өкүлү бар эле, аты-жөнү, улуту эсимде жок. 1982-жылы марттын башында ушул полктошторубуз салгылаш учурунда улуттук бийин бийлей башташты. Таң калганыбыздан оозубуз ачылып калды. Дагы жакшы, эсине келген башка жоокерлер аларды басып жыгышты. Эч кимиси жаракат алган жок. Салгылаш бүткөндөн кийин "эмнеге бийледиңер?" деп сурасак, "бүгүн биздин ыйык майрам, эч нерсеге карабай бугуну туурап бийлешибиз керек" дешти...
Төртүнчү ротанын аскери дагестандык Юсуп чыккынчылык кылып, моджахеддерге өтүп кетти. Фамилиясы эсимде жок. Ал моджахеддерге өтүп кеткенден кийин, алар бизди миномёттон таамай аткылап жатышты.
— Панжшердеги салгылашта жарадар болгон экенсиз.
Күндүн жарыгын көрбөгөн кыз-келиндер... Талибдерди бийликке алып келген 7 учур
— 1983-жылы 8-мартта аргасыздан Ахмад Шах Масуд советтик 40-армиянын жетекчилиги менен эки жылга ок атпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ошол учурда биз тоодо кароолдо элек. Бул кабарды укканда сүйүнгөндөн асманга ок аттык. Акыры эрөөлдө биз жеңдик. Батальон Парван чөлкөмүнүн Гульбахор айылына чыгарылды. Биздин рота Панжшер кире беришинде кароолдо калдык. Согушкерлер жаныбыздан өтүп турушту. Ошондо алматылык полктошум Андрей Соловей минаны басып алып, сол бутунан катуу жарадар болду. Ушул минанын чачырандысы бетиме, кекиртегиме тийген экен, эсиме Гульбахордогу санитардык бөлүктө келдим. Андан соң Баграм калаасы аркылуу Кабулдагы аскердик госпиталга жаткырышты. Сегиз айдан ашык убакыттын ичинде ушул госпиталда биринчи жолу сары май, паштет, сгущенка жеп, кофе ичип курсагым тойду (күлүп). Эки жумада дарыгерлер бутка тургузду. Гульбахорго кайра кайттым. Май айында Афганистандан үйгө кетүүгө буйрук чыкты. Аскердик кызматты өтөп жүргөндө анча-мынча маяна чогулуптур. Жергиликтүү дүкөндөн энем менен карындашыма жоолук жана атыр, өзүмө булгаары дипломат жана көз айнек алдым.
Экинчи мусулман батальонунун ардагерлеринин жолугуушусу. 2016-жыл, 2-август. Жети-Өгүз району, Тосор айылы,“Руха” пансионаты
— Кайтканда кандай сезим болду?
— Ташкент шаарынын Тузел аэропортунда учактан түшкөндөгү ичимдеги кубанычты сөз менен жеткире албайм. Үч күн полктоштор Ташкенттеги "Бакыт" мейманканасында майрамдадык. Элдин бардыгы бизди таң калып карап, "каяктан келдиңер, балдар?" деп сурашат. Биз "14-кылымдан, аркы дүйнөдөн кайттык" деп каткырып жооп беребиз.
Кан майдандан аман-эсен келгениме дайыма каниет кылам. Үч уул менен кызым бар. Куралдаштар жакын катыштабыз. Курман болгон жолдошторубуз такыр эсибизден кетпейт. Биз үчүн 29-октябрь жана 15-февраль өзгөчө күн. Полктошубуз жеке ишкер Сергей Якиманский Афганистанда согушканыбызды эстеп, Жети-Өгүз районунун Тосор айылында "Руха" аттуу пансионатын салган.