Өзбекстанда коронавируска каршы 177 миң бала эмделди

Өзбекстанда коронавируска каршы балдарга эмдөө жүргүзүү боюнча алдыңкы орундарда Фергана (37 395 доза), Наманган (34 479 доза) жана Андижан (22 502 доза) облустары турат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Өзбекстанда коронавируска каршы 177 миң өспүрүм эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, коңшу өлкөдө 12 жаштан жогорку балдар бир айдан бери Pfizer препаратын алып жатат.
Эске салсак, Россиянын "Спутник V" вакцинасын 12-17 жаштагы балдарга колдонууга уруксат берүү үчүн июль айында препаратты сыноо башталган. Балдарга бир дозанын 10дон бир бөлүгү куюлган. Учурда жыйынтыгы күтүлүүдө.