Японияда учуучу мотоциклдер пайда болду. Видео

Учуучу мотоцикл катуу ылдамдык менен 40 минутага чейин токтобой жүрөт. Салмагы 300 килограмм, баасы 682 миң доллар.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Япондук A. L. I. Technologies стартап уча турган мотоцикл чыгарганын НТВ кабарлаган.
Видео Discover "Телеграм" каналына жарыяланган.
Укмуштуу техниканы Xturismo деп аташкан. Баасы 682 миң доллар, салмагы 300 килограммга жакын экени жана саатына 100 чакырымды басып өтө алары айтылды. Катуу ылдамдык менен токтобой 40 мүнөткө чейин жүрө аларын кошумчалашты.
Бул жаңы техниканын авторлору азырынча 200дү чыгара турууну пландап жатышат. Кызыккандарга 2022-жылы сатып алууга болот дешти.
Учуучу мотоциклдерди кесипкөй, жарышка катышкан айдоочулар эле эмес, суудагы операцияларда куткаруучулар да пайдалана аларын билдиришкен.