Салык кызматына Финполдун функциялары берилет. Жаңы кодекстин долбоору

Финпол жоюлгандан кийин салык мыйзамдары жаатындагы кылмыштар үчүн кайсы орган жооп берет деген суроо ачык бойдон калган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Салык кызматына өз тармагы боюнча кылмыштарды териштирүү укугун берүү сунушталууда. Мындай демилге Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорунда жазылган.
Учурдагы кодекс боюнча Салык кызматынын органдары салыктык башкаруу жана саясатын ишке ашыруу менен гана алектенет.
Instagram да, блогер да салык төлөйт. Жаңы кодекске кошулган берене
Долбоордо КР Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына, башкаруу жана салык мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык, тергөө органынын алгачкы функциялары менен сотко чейинки өндүрүштү кошумча аткарары көрсөтүлгөн.
Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган Салык кызматынын органдары укук коргоо органы статусуна ээ болот.
Долбоордо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жоюлгандан кийин салык мыйзамдары жаатындагы кылмыштар үчүн кайсы орган жооп берет деген суроо ачык бойдон калганы белгиленген.