Радио

Дүйшөналиев: өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүүдө

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка өп-чап турмуш себеп экенин айтты.
Sputnik
Социалдык жактан жакыр үй-бүлөдө жашаган балдар арасында кылмыштуулук көп катталууда. Мындай маалыматты Азамат Дүйшөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, социалдык көйгөйлөргө байланыштуу окуусун таштап, үй-бүлөсүнө акча табуу максатында түрдүү кылмышка баргандар арбып барат.
"Буга социалдык көйгөйлөр себеп болууда. Үй-бүлөдөгү акыбал, акчанын жетишпестиги негиз болуп, окуусун таштап, башка жумуштарда иштеп, түрдүү кылмыштарга барып жатышат. Үйүнөн качып кеткен учурлар да катталууда. Калктуу аймак болгон Бишкек жана Чүй облусунда кылмыш фактылары көп. Алардын көбү майда кылмыштар", — деди Дүйшөналиев.
Ошондой эле адис кылмыштуулукту алдын алуу үчүн мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору байма-бай каттап, окууларды өткөрүп жаткандыгын кошумчалады.