Мексикалык блогердин Кыргызстан жөнүндө видеосун 3 миллиондон ашык адам көрдү

Мексикалык белгилүү блогер Луисито Эл Пилло Кыргызстан тууралуу тарткан видеосу кыска убакыт ичинде 3,4 миллион жолу көрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Чет элдик блогер Кыргызстанды кыдырып, бул тууралуу видеону өзүнүн YouTube каналына жүктөгөн.
"Мен мурда бар экенин билбеген өлкө" деп аталган видеороликте блогер Кыргызстандын маданияты, тарыхы, тили, өлкөдөгү диндер жана баалуулуктар тууралуу айтып берет. Алты күн мурда жарыяланган ролик учурда 3,4 миллион ирет көрүлдү.
Ошондой эле саякатчынын мүнүшкөрлүк өнөр, кыргыздын улуттук оюндары тууралуу тартылган экинчи видеосу 1 миллиондон ашык көрүлдү.
"Кыргызстандык үй-бүлөдөгү айрым салттар биздин элге таң калычтуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок планетабыз ушунчалык кызыктуу", — деген Луизито.
Интернет колдонуучулар анын видеолоруна ыраазычылык билдирип, Кыргызстан тууралуу жагымдуу ойлорун жазууда.
30 жаштагы Луизито Комуника — мексикалык белгилүү блогер. Анын каналына жазылгандардын саны боюнча Мексикада экинчи орунда, испан тилдүү аудиторияда жетинчи орунда турат.