Жүргүнчүлөргө эскертүү! 1-ноябрдан тарта жол кире кымбаттайт

Пенсионерлерге 50 пайыздык жеңилдик каралган. Ал эми окуучулар башкалар сыяктуу 15 сомдон төлөй турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Ордо калаада 1-ноябрдан тарта коомдук транспорттордо жол кире кымбаттай турганы эскертилди.
Буга чейин Бишкек шаардык кеңеш коомдук транспортко жол киренин баасын көтөрүүгө макулдук берген.
Ага ылайык, маршруткадагы жол акы 15 сом, автобус менен троллейбустардыкы 11 сомго жогорулайт.
Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке түшөт. Видео
Пенсионерлер үчүн маршруткаларда мурдагыдай эле 50 пайыздык жеңилдик каралган. Алсак, эртең менен саат 8:00дөн кечки 21:00гө чейин маршруткалар пенсионерлерден 8 сом алат. Ал эми троллейбус, автобустарда шаардык пенсиялык күбөлүгү барлар акысыз жүрө алат. Эгер андай күбөлүк болбосо, башка жүргүнчүлөр сыяктуу 11 сомдон төлөшөт. Ал эми окуучулар үчүн эч кандай жеңилдик каралган эмес.