Жумага карата аба ырайы

29-октябрга караган түнү өлкөнүн айрым райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жума күнү эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жамгыр, кар жана тоолуу жерлерде кар жаайт. Таластын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас чөлкөмүндө +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +10...+15, Нарын жергесинде +9...+14 градус болот.
Бишкек менен Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ошто +15...+17 градуска көтөрүлөт.