БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет ушул аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Билдирмеге караганда, апта аягында айрым жерлерде гана жаан жаабаса, көпчүлүгүндө күн ачык болот.
Чүй облусу
30-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. 30-октябрь күндүз жана 31-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Талас облусу
Талас облусунда дем алышта күн ачык болот. Абанын температурасы 9...11 градуска жетет.
Ош, Баткен облустары
Эки облуста 30-октябрда күндүз жана 31-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
31-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абадда 30-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ал эми 31-октябрда күн ачылып, абанын температурасы 14...16 градус жылуу болушу божомолдонууда.
Нарын, Ысык-Көл облустары
30-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бирок 30-октябрда күндүз жана 31-октябрда жаан-чачынсыз болору айтылды.